Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/08 13:12
 

ОИИБнын кызматкери Алыш күрөшү боюнча чемпионатта күмүш медал утуп алды

ОИИБнын кызматкери Алыш күрөшү боюнча чемпионатта күмүш медал утуп алды

Жалал-Абад, 17-август /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Алыш күрөшү боюнча Азия чемпионаты быйылкы жылы Ирандын Тегаран шаарында 6-7-август күндөрү өткөрүлдү. Бул мелдешке Кыргызстандан 11 спортчу катышып, алардын ичинен Жалал-Абад ОИИБнын ТЧКАОнун (Тез чара көрүү атайын отрядынын) кесиптик даярдоо тобунун ага тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Кубанычбек Көкүнов 100 килограммдан ашык салмакта беттешип, экинчи орунду багындырып күмүш медалдын ээси болду.

Байгелүү орунду багындырган спортчуну жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү, спорт чөйрөсүндө жүргөн жаштар жана коомчулук Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги аркадан салтанатту тосуп алышты. Салтанатта Жалал-Абад ОИИБнын башчысы, Жеңиш Жоробеков сөз алып, Кубанычбек Көкүновду жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, төмөндөгүлөрдү баса белгиледи.

- Эл аралык деңгээлде кыргыз желегин желбиретип, жогорку сыйлыка жетип, жаштардын патриоттуулук сезимталдыгын ойготууда, ошондой эле алыш күрөшүн даңазалоодо Кубанычбектей азаматтар биздин кызматкерлерге, жаштарга жана жалпы эле кыргыз элине үлгү болот, - деди Ж.Жоробеков.

Кубанычбек Көкүнов буга чейин республикалык, эл аралык мелдештерде спорттун кол уруш, күжүрмөн самбо түрлөрү боюнча беттешип, бир канча ийгиликтерди жаратып келген болсо, акыркы кезде спорттун «Алыш» түрүн да аз убакта өздөштүргөн. Буга Жалал-Абад аймагындагы “Алыш” федерациясынын машыктыруучуларынын эмгеги зор.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Көкүнов мелдеште Таиланд, Моңголия, Түркмөнстандын спорт чеберлери менен күч сынашкан.

Куттуктоо сөзгө чыккандардан облустук спорт коммитети, Базар-Коргон районунун акими Кубанычбек Көкүновго жакындан моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүп тураарын белгилешти.

Андан соң спортчуну КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева жана облустук актив кабыл алып өкүлчүлүктүн фондунан 20 миң сом акча каражатын тапшырып жатып өлкөнүн туусун, спортчулар менен маданият кызматкерлери дүйнөгө таанытып жаткандыгын белгиледи.

“Айта кетүүчү жагдай, мындай жеңиш кыргыз милициясынын тарыхында биринчи жолу орун алып жаткандыгы айтылууда”, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу