Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/08 10:45
 

Тогуз-Торо районунда кичи футбол аянтчасы ачылды

        Тогуз-Торо районунда кичи футбол аянтчасы ачылды

 Жалал-Абад, 15-август /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Кечээ, 13-авгутта Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Иманберди уулу Иса атындагы №4 орто мектебинде мини футбол ойноочу кичи спорттук аянтчанын ачылыш аземи болуп, ага өкүл Жумагүл Эгембердиева катышты. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, мектеп окуучуларын, мугалимдерди жана жергиликтүү тургундарды жаңыдан курулуп бүткөрүлүп, ишке берилип жаткан мини футбол ойноочу спорттук аянтчанын ачылышы менен чын дилинен куттуктаган өкүл Жумагүл Эгембердиева мектеп окуучуларына футбол оюну менен машыгуудагы аракеттерине чын дилинен ийгиликтерди каалады.

Жаңы ачылган мини футбол ойноочу спорттук аянтчанын кызыл тасмасын кесүү аземине өкүл Жумагүл Эгембердиева, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов, Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Акылбек Токтосунов жана облустук капиталдык курулуш башкармасынын башчысы Байыш Касымалиев катышты.

- Окуучуларыбыздын турмушундагы кубанычтуу окуя болгон мини футбол ойноочу спорттук аянтчанын ачылышы мугалимдер менен ата-энелерди дагы зор кубанычка бөлөдү. Жалпысынан футбол ойнолуучу спорттук аянтчага 1 млн. 300 миң сом жумшалып, каржылоо толугу менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жүргүзүлдү. Футбол ойнолуучу спорт аянтчасы окуучуларыбыздын ден соолугун чыңдоосуна жана спорт менен достошуп, машыгуусуна эң сонун шартты жаратты,- дейт Иманберди уулу Иса атындагы №4 орто мектептин директору Гүлзада Шайыкова.

Жаңы ишке берилген мини футбол ойноочу спорттук аянтчанын кызыл тасмасы кесилген соң мектеп окуучулары эки командага бөлүнүшүп, футбол ойношту. Булгаары топтун жаш чеберлеринин оюнун келген коноктор бир топко тамаша кылышты.

“Учурда аталган орто мектепте 370 окуучу билим алышууда. Аларга татыктуу таалим-тарбия берүү ишинде 35 мугалим эмгектенет. Тогуз-Торо айыл аймагынын башчысы Рахатбек Абдыкадыров белгилеп кеткендей, айыл аймагында 4300 калк жашап, 3 орто мектеп, 1 башталгыч мектеп, 1 ФАП жана 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору иштейт”, - деп билдирет өкүлдүн басма сөз катчысы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу