Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/08 10:20
 

Таласта футбол жанданып, аянтчалар курулууда

Таласта футбол жанданып, аянтчалар курулууда

Талас, 13-август /Мухамеджан Суранчиев-Кабар/. Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында айылдык жаштардын демилгеси менен 2,5 млн. сомго кичи футбол аянтчасы курулуп жатат. Бул тууралуу аталган райондун акими Чолпонкул Төрөкулов маалымдады.

Айылдык жаштардын лидери Рыспек Мырзабаевдин айтуусунда чолпонбайлык жаштар демилге көтөрүшүп, өзүлөрү акча каржаттарын чогултушуп, кичи футбол аянтчасын курууга ОсОО “Рахат” курулуш компаниясына буюртма беришкен.

Аталган футбол аянтчасы 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата ачылат.

Ушундай эле эки кичи футбол аянтчалары жалпы сметалык суммасы 4 млн. 683 миң. сомго Бакай-Ата районундагы Кызыл Жылдыз айылында да курулуп жатат. Айылдык жаштар үчүн курулуп жаткан кичи футбол аянтчаларын Талас облусунун губернатору Байышбек Жуманазаров көрүп, куруучуларга аларды сапаттуу жана тез куруу милдетин койду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу