Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/08 09:31
 

«Локомотив» спорт комплексинин таэквандо боюнча башкы машыктыруучусу Валерий Тен Кореяда өткөн мелдеште жеңишке жетишти

Бишкек, 13-август /Эмилбек Момунов-Кабар/. Кореянын Чоньджу шаарында таэквандо боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Ага жалпысынан дүнүйөнүн 40 мамлекетинен спортсмендер катышты. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Чун Чонг шаарында таэквандо боюнча эл аралык ачык чемпионат болуп, ага дүнүйөнүн 100 өлкөсүнөн 2000 спортсмен катышты.

Кыргызстандын спорт боюнча эл аралык чебери Валерий Тен бул эки мелдеште тең III-байгелүү орунду жеңип алды. Уюштуруучулар ага атайын медаль, диплом жана сертификат тапшырды.

Эске салсак, Валерий Тен эл аралык калыс жана таэквандо боюнча 5-дандагы кара курдун ээси. Учурда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын таэквандо боюнча командасын жетектейт.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу