Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
03/08 18:13
 

Бишкек мэри шахмат боюнча Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн кабыл алды

Бишкек, 3-август /Кабар/. Бишкек шаардык мэри Кубанычбек Кулматов шаарлар аралык Азия чемпиондугуна катышкан шахмат боюнча шаардык курама топ менен жолукту. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.   К.Кулматов шахматчыларды жеңиши менен куттуктады. “Биз парктарда, көчөлөрдө жарандарды спорттун ушул түрүнө кызыгууга чакырабыз, ошондой эле шахмат боюнча жалпы билим берүү факультеттердин программасына киргизсек абдан жакшы болмок”,-деди мэр.   Кыргыз шахматчылары чемпионатта бир алтын жана эки коло медаль утуп келишти.   Топтун капитаны Талант Мамытов белгилегендей, бишкек тобу мелдештин фаворити Кытай тобун 3:1 эсебинде жеңди. Коло медалдарды Чынгыз Исаев жана Тагир Таалайбеков, алтын медалды Мелис Мамытов утуп келди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу