Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
28/07 16:02
 

Караколдо профессионалдар арасында кикбоксинг, М-1, К-1 эл аралык турнири өттү

Караколдо профессионалдар арасында кикбоксинг, М-1, К-1 эл аралык турнири өттү

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Каракол шаарындагы борбордук стадиондо 27-июлда эл аралык эр таймаш болуп өттү. Профессионалдар арасында кикбоксинг, М-1, К-1 эл аралык турнирге Казакстан, Таджикистан жана Кыргызстандын эң мыкты файтерлери катышты. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Кикбоксинг федерациясынын демилгеси менен уюштурулган таймашка Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышып, иш-чара кызыктуу жана шаңдуу өттү.

Буга чейин Ош, Баткен жана Талас облустарында өткөрүлүп келген таймаштын башкы максаты келечек муунду спортко жана Мекенди сүйүүгө чакыруу болуп эсептелет, дешет уюштуруучулар.

«Мындай иш-чараны өткөрүүнүн кезеги Ысык-Көл облусуна келип жетти. Көптөгөн эр азаматтарыбыз өлкөбүздүн желегин желбиретип чуркаса, кимдин ичи жылыбайт, баарыбыздын Мекенге болгон сүйүүбүз күчөйт»,-деп белгиледи Федерациянын президенти, ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Курсан Асанов.

Аталган иш-чарага өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар катышты.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу