Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
27/07 12:11
 

Бишкекте дуатлон боюнча алгачкы мелдеш болуп өттү

Бишкекте дуатлон боюнча алгачкы мелдеш болуп өттү

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясы КРнын триатлон федерация жана Sun People чыгармачыл бирикмеси менен бирдикте дуатлон боюнча алгачкы мелдеш уюштурду. 

Мелдешке Кыргызстан менен Казакстандан 100 спортчу катышты.   Иш-чараны Дене тарбия жана спорт боюнча Бишкек шаардык комитетинин төрагасы Абдужалил Юнусов ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.
“Иш-чараны уюштурганы үчүн Триатлон федерациясына ыраазычылык билдиргим келет. Өлкөдө спорттун бул түрү өнүгүү жолуна түшөт деп ишенем. Спортчуларга ийгиликтерди жана жеңиш каалайм”,-деди А.Юнусов.   Мелдештин шарты боюнча спортчулар 5 км аралыкты чуркап өтүшүп, андан кийин 20 км аралыкты велосипед менен, жыйынтыгында дагы 2,5 км аралыкты жөө чуркап өтүштү.   Ошондой эле, иш-чарага шаар мэриясынын аппаратынын кызматкерлери, Дене тарбия жана спорт боюнча БШКнын өкүлдөрү жана шаардыктар катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу