Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/07 18:41
 

Бишкекте КРнын Президентинин кубогуна балдар арасындагы шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты

Бишкек, 23-июль /Салтанат Абдраева-Кабар/. Бүгүн Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк шахмат күнүнө арналган Кыргызстандын Президентинин кубогуна балдар арасында шахмат боюнча мелдештин эң жаш жеңүүчүлөрү сыйланышты.Мелдеш 2015-жылы 19-23-июль аралыгында 5 жаштык категорияда өттү.
Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Улугбек Мариповдун айтымында, шахмат – бул интеллектуалдык оюн жана чоң адамдардын жана өзгөчө жаш балдардын арасынан спорттун бул түрүнө кызыккандардын саны көп экени кубандырат.
“Ар бир адам спорттун кандайдыр бир түрү менен алектениши керек. Спорт менен гана адамдын дене тарбиялык жактан, руханий жактан ден соолугу чың болот. Ал эми шахмат – бул спорттун уникалдуу түрү. Шахмат ойноо менен биз жагымдуу өзгөрүүлөргө ниеттенип, колдон келген жаңы мүмкүнчүлүктү издөө менен кайраттуулукка үйрөнөбүз. Мен бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайм жана мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм”,-деди ал.
“Биздин балдар интеллектуалдык жана руханий өнүгүүгө тийиш”,-деди Шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов.
6 жашка чейинки категорияда балдардын арасында Алишер Жеңишбеков жана кыздардын арасында Татына Кененбаева жеңишке жетишти. 8 жашка чейинки катерияда Айтурган Бцратканова жана Алихан Алишеров жеңишке ээ болду. 10 жашка чейинки категорияда Азария Мирлан кызы жана Таалайбек Жайнаков, 12 жашка чейинки категорияда Ли Дарья жана Кайгу Калканов, 14 жашка чейинки категорияда Айпери Майрамбекова жана Азамат Сьездбековдор жеңүүчү аталышты.
Үч байге орундарынын бардык жеңүүчүлөрү кубок, медаль, диплом жана башка баалуу белектер менен сыйланышты.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу