Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/07 14:56
 

Түркияда машыккан 11 жаштагы Кыргызстандык футболчу, улуттук курама команда тууралуу ойлонот

Бишкек, 22-июль /Рахат Саламатова-Кабар/. Футболчу кайсы өлкөнүн футбол клубунда ойносо дагы, улуттук курама командасынын атынан эл аралык турнирлерге чыгууга укуктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында Туркиянын “Бешикташ” футбол клубунун академиясында окуп жаткан 11 жаштагы Кыргызстандын футболчусу Автондиль Дүйшеев билдирди.

  Анын айтымында, аталган футбол клубунда 2014-жылдан бери машыгып келет. Келечекте Кыргызстандын улуттук курама командасынын атынан мамлекеттин туусун көтөрүүгө даяр.   “Мен 5 жашыман бери футбол менен машыгам. Ата-энем, чоң ата, чоң энем мени колдоп келечекте өлкөнүн керегине жараган кыргыздын уулу болушумду каалайт. Ошондуктан, мен футбол ойногондо атаандаштарга гол киргизип жатканда эң алгач жакын адамдарым үчүн, мамлекетим үчүн киргизем. Азыр Түркияда футбол клубунда ойногонум менен келечекте башка өлкөнүн атынан эл аралык турнирлерге чыккым келбейт. Мага ишенген, мени колдогон адамдардын ишеничин актоону максат кылам”,-дейт А.Дүйшеев.   Автондилдин чоң атасы Орозалы небереси менен сыймыктанат. Анын жөндөмүн көрүп, келечегине кайдыгер карабайт.
“Мен жөнөкөй эле жарандын биримин. Өзүм журналистика тармагында эмгектенгем. Автондилдин Кыргызстандын атынан эл аралык деңгээлдеги иш-аракеттерге азыртадан катышып, аралашып жаткандары абдан кубандырат. Буга “SunCity” спорт комплексинин жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Бир гана нерсеге кейиим, жеке ишкерлер ушундай кичинекей таланттарды колдоп жатса, айрым бийликтин өкүлдөрү маани бербегендей. Мисалга, неберем Түркияга барганда ал жердеги 2 млн калктын мэри келип Автондилдин ийгиликтери менен куттуктап, ар бир жаш таланттарга өзгөчө көңүл бурду. Ал эми канчалаган эл аралык турнирлерде медаль алып келген неберемдин бул ийгилигин Дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлдөрү байкабагандай. Агенттиктин директору Автондилдин ийгилиги менен куттуктап жөн гана жылуу сөзүн айтса балким ушул сыяктуу жаштарга дем күч болот беле деген ойлор бар”,-дейт О.Дүйшеев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу