Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
22/07 13:01
 

Кичинекей футболчу Автондиль Дүйшеев Кыргызстандын атынан Түркиянын “Бешикташ” футбол клубунда машыгууда

Кичинекей футболчу Автондиль Дүйшеев Кыргызстандын атынан Түркиянын “Бешикташ” футбол клубунда машыгууда

Бишкек, 22-июль /Рахат Саламатова-Кабар/. 11 жаштагы кичинекей футболчу Автондиль Дүйшеев 2014-жылы Түркиянын “Бешикташ” футбол клубунун академиясына 2000 футболчунун ичинен сынактан өтүп, Кыргызстандын атынан ал жерде машыгууда. Тактап айтканда аталган кароо сынакта 24 жаш футболчу гана академияга тандалып алынган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында “SunCity” спорт комплексинин башкы директору Канат Деркинбаев билдирди.

Анын айтымында, Автондиль 5 жашынан бери “SunCity” спорт комплексинде футбол менен машыгып келген. Натыйжада өзүнүн талантын, оюнга болгон жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп борбордун жетекчилиги тарабынан колдоого ээ болгон.

“Биздин спорттук комплексте 2013-жылы кичи футбол аянтчасы курулуп, кийинчерээк ага кошумча ири аянтча ишке киргизилген. Бул сыяктуу машыга турган аянтчалар өлкөдө жокко эсе. Дене тарбия жана спорт агенттиги алдыда боло турган ири футболдорду өткөрүү үчүн биздин футбол аянтчабызды колдонууга сунуштарды киргизген. Анткени биздеги курулган чоң аянтчабыз ФИФАнын талаптарына жооп берет. Шаар тургундарынын көпчүлүгү биздин борборго келип спорт менен машыгат. Алсак, Автондиль дагы кичинекей кезинен бери биздин көз алдыбызда машыгып, ар кандай эл аралык мелдештерге катышып, бир катар медалдардын ээси болууга жетишкен. Ошондуктан, биз аны колдоп, келечекте дагы Кыргызстандын улуттук курама командасынын атынан эл аралык деңгээлдеги оюндарга катышуусун каалап, азыртадан футбол клубу менен келишим түзүп, келечекке даярдап жатабыз”,-дейт К.Деркинбаев.

Канат Деркинбаева белгилегендей, Автондиль Германия, Голландия, Турция, Албания сыяктуу өлкөлөрдө болуп өткөн эл аралык турнирлерге катышып, “Мыкты футболчу” номинацияларына ээ болгон.

“Биздин спорт борбордун негиздөөчүлөрү башка ири компанияларды дагы жетектейт. Кыргызстандын спортун өнүктүрүү үчүн жаш спортчуларга өзүбүз демөөрчүлүк кылабыз. Жеке компаниябызга түшкөн кирешенин 10 пайызын спорт комплексте машыккан спортчулардын эл аралык мелдештерге катышууларына, келишимдерди түзүүгө жумшайбыз. Ал эми мамлекет тарабынан ар кандай уюштуруу иштери, административдик жактан колдоого ээ болуп келебиз”,-дейт К.Деркинбаев.

Учурда Автондиль Стамбул шаарында футбол клубунда окуп жатат. Чоң атасы Орозалы Дүйшеев небереси менен ал жерде жашайт. Ал эми ал жакта жашап, академияга окуусу үчүн “SunCity” спорт комплексинин жетекчилиги каржылап келет.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу