Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/07 14:19
 

Министр Э. Сариева Универсиададан медал алып келген студентти куттуктады

Министр Э. Сариева Универсиададан медал алып келген студентти куттуктады

 Бишкек, 16-июль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Бүгүн, 16-июлда билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Кванджу шаарында өткөн (Түштүк Корея) спортсмен-студенттердин арасындагы жайкы Универсиаданын медал ээси-спортсмен Дарья Маслованы куттуктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Дарья Маслова 11-июлда болгон аялдардын арасында 5000 метр аралыгында финалдык жарышка катышкан. Финалдык жарышка 15 спортсмен катышкан. Маслова бул аралыкты 16 мүнөт 4,09 секундада чуркап келип, бул жыйынтык менен коло медалын жеңип алган.

“Биздин жаштар - Кыргызстандык үмүтү жана сыймыгы. Биздин студенттердин арасында мамлекеттин ар-намысын коргогон, дүйнө жүзүнө атагын чыгарган ушундай таланттар бар экенине сыймыктанабыз. Азаматсын, Дарья”- деди Э. Сариева.

Д. Маслова Кыргыз мамлекеттик спорт жана дене-тарбия академиясынын студенти. Ал өзүнүн профессионалдык мансабын 17 жашында баштаган. Ысык-Көл облусунун, Пристань-Пржевальск айылынын тургуну, орто мектепти аяктаган, көптөгөн мектеп олимпиадалардын катышуучусу.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу