16.07.2015, 09:34

Жалал-Абаддык самбочулар Бишкектеги мелдешке катышат

Жалал-Абад, 16-июль /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. КРнын Улуттук Гвардиясынын түзүлгөндүгүнүн 23 жылдык мааракесине арналган спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча 16-18 июль күндөрү Бишкек шаарындагы 714 аскер бөлүгүндө, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн кошун жана бөлүктөрүнүн, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн командалары арасында өтүүчү мелдешке Жалал-Абад ОИИБнын «Динамо» командасынын спортчулары да катышат.
Алар бүгүн милициянын ардагерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөру жана башкармалыктын колдоосу астында ак бата алышып борборго бет алышты. “Эскерте кетсек, спорттун самбо түрү боюнча быйыл Кыргызстандын Чемпионаты жана ИИМнин биринчилиги Жалал-Абад аймагында өткөзүлгөн”,-деп билдирет ОИИБнын басма сөз кызматы.