Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/07 14:52
 

Баткен облусунун тоолорунда альпинисттердин дүйнөлүк мелдеши өтөт

Баткен, 15-июль /Кабар/. Баткен районунун Геревшин тоолорунда үстүбүздөгү жылдын 15-июлунан 2-августка чейин альпинисттердин дүйнөлүк мелдеши өтөт. Бул тууралуу Баткендеги туристтик агенттикттин директору Жунусбек Каразаков билдирди.

Геревшин жайлоосунун тоолору альпинизмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу. Россия Федерациясынын Альпинисттер федерациясы мелдешти өткөрүү үчүн ушул жерди тандап алган. Мелдешке 100гө жакын дасыккан альпинисттер келет. Альпинисттердин алды азыр Геревшинге жетишти.
Баткенге Россия, Польша, Германия, Франция сыяктуу алыскы өлкөлөрдөн да туристтер келип турушат. Зардалыга учурда
17 турист келген. Дара айылындагы Жылуу-Сууга жана Кадамжай районундагы Дугаба эс алуу жайына туристтер кызыгып, көп келишет. Ошондой эле Айгүл гүлүн көрүү үчүн быйыл чет өлкөдөн 15 турист келген.

«Тилекке каршы, мамлекеттен бизге колдоо жок. Жада калса туризмди өнүктүрүүгө багытталган дүйнөлүк жарманкелерде да Баткен жөнүндө сөз болбогонун билебиз. Андай жарманкелерге катышууга биз сыяктуу кичи жана жеке туроператорлордун чамасы жетпейт. Аябай чоң акча турат. Кыргызстан жыл сайын катышат. Бирок өкүнүчтүүсү чоңдорубуз бул багытта бир гана Ысык-Көлдү карап калышкан. Бул тармакты өнүктүрүүгө, албетте, болот. Ал үчүн шарт түзүү керек» -деп кошумчалайт Ж. Каразаков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу