Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/07 14:32
 

Кыргызстандык Д.Маслова Кореяда Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада “коло” медалга татыктуу болду

Бишкек, 13-июль /Кабар/. Жөө күлүк Дарья Маслова ушул күндөрү Квангджада (Корея) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк универсиадада биринчи жолу коло медалга ээ болду. Бул тууралуу КРнын билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча 11-июлда Д.Маслова катышкан аялдардын 5000 метрге жарыштын финалы болду.
Финалдык жарышка 15 спортчу катышты. Д.Маслова бул аралыкты 16 минут 4,09 секундда чуркап өттү, бул жыйынтык анын 3-орунду ээлешине жол ачты.

Универсиадага Кыргызстандын атынан 22 студент катышты. Кыргызстандыктардын арасындагы мелдеште Бектур Пысмамбетов жакшы жыйынтык көрсөтө алган. Ал 66 кг га чейинки категорияга кирет жана 5 жолугушуу өткөрдү. Коло медаль үчүн күрөштө ал 5-орунга ээ болду. Дзюдо боюнча топтук мелдешкте Кыргызстандын эркектер курама командасы 7-орунга ээ болду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу