Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/07 17:51
 

Дене тарбия жана спорт агенттиги аккредитациядан өткөн федерация, бирикмелерди каржы жагынан колдоп келет

Бишкек, 7-июль /Рахат Саламатова-Кабар/. КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги аккредитациядан өткөн федерациялардын жана спортчулардын каржы маселесин чечүүдөн баш тарткан эмес. Тактап айтканда, кайсы гана багыттагы спорттун түрү болбосун агенттиктин тиешелүү органдарына кайрылган, документтерин тапшырган, аккредитациядан өткөн спортчулар менен агенттик тыгыз иш алып барат. Бул тууралуу аталган агенттиктин пресс-катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.

Анын айтымында, агенттикке түшкөн кайрылуулардын бардыгы тегиз каралып, эгер аны чечүүгө мүмкүнчүлүктөр болсо сөзсүз колдоо көрсөтүлөт.
“Түштүк аймагындагы таэквандо менен машыккан спортчулар өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүлбөйт деген пикирлерге биз азыр толук комментарий бере албайбыз. Таэквондонун кайсы түрү, кандай маселе менен кайрылгандарын биз изилдеп, тактап, анан толук жообун берүүгө даярбыз. Негизинен аталган көйгөйлөрдү агенттик чечет. Биз маселени жакшылап карап чыккан соң, ал боюнча тиешелүү органдарга тапшырма беребиз”,-дейт Н.Султамбаев.

Эскерте кетсек, бүгүн таэквондо бирикмесинин өкүлдөрү түштүк аймагында болгон басма сөз жыйында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашкан. Алардын айтымында, аталган спорттун өнүгүшүнө буга чейин өкмөт тарабынан каржы маселеси боюнча эч кандай колдоо болгон эмес.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу