Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/07 16:11
 

Александр Акимов: «Таяк-тартыш–бул «Манас» эпосунда сүрөттөлгөн байыркы оюн”

Александр Акимов: «Таяк-тартыш–бул «Манас» эпосунда сүрөттөлгөн байыркы оюн”

Бишкек, 7-июль /Аман Алымбеков-Кабар/. “Таяк-тартыш – бул “Манас” эпосунда сүрөттөлгөн байыркы оюн, бүгүнкү күндө ата-бабаларыбыздын салтын улоо биз үчүн сыймык”,-деди “Кабар” агенттигине Таяк-тартыш эл аралык федерациясынын президенти, Саха (Якутия) республикасынын атынан Федерациянын кеңешинин мүчөсү Александр Акимов.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда өткөн Таяк-тартыш боюнча дүйнө кубогунун биринчи баскычы ийгиликтүү болду.
“Бул достуктун, спорттун, биригүүнүн майрамы. Кыргыздарда бул мелдештин өзүнүн аталышы бар, ал – Таяк-тартыш, ал эми якутиялыктарда – “мастырдыхыы” деп аталат жана бул байыркы оюн. Биз боордош элбиз жана достук салтын улантып жатканыбыз абдан кубанычтуу. Биздин эпостордо, кыргыздарда – “Манас”, ал эми якуттарда – “Каланхо” эпосунда бул оюн баатырлардын мелдеши катары сүрөттөлгөн. Кийинки жылы Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүнү пландоодо, мен ага милдеттүү түрдө катышабыз жана Таяк-тартыш ДКОнун программасына кирет деп ойлойм. Аталган мелдештин алкагында аткаруучу комитеттин жыйыны болду, анда кийинки жылдын планы талкууланып, Көчмөндөр оюнуна спорттун ушул түрүн киргизүүнү карадык”,-деди ал.

Ошондой эле, А.Акимов спорт, маданият элдерди бириктирет, көп жана кеңири катнашууга жол ачат.

“Бүгүнкү күндө биздин федерацияга 45 өлкө кирет, дагы дүйнөнүн 5 континентинин 11 өлкөсүнөн арыз түштү. Биз аталган оюнду кайра жаратуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча тутумдуу жана улантуу иштердин аркасында белгилүү жыйынтыктарга жете алдык. Биз Таяк-тартыш оюну Олимпиадалык масштабда спорттук оюндардын башка түрлөрүндөй деңгээлге жетүүсү үчүн колдон келген аракетти көрөбүз”,-деди А.Акимов.
Эскерте кетсек, 2-5-июлда биринчи жолу Кыргызстанда Ысык-Көлдүн жээгинде Таяк-тартыш боюнча дүйнө кубогунун биринчи баскычы болду.
Мелдешке дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн – Россия, Кыргызстан, Түркмөнстан, Түркия, Казакстан, Польша, Монголия, Армения, АКШ жана Өзбекстандан 98 спортчу катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу