Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
06/07 16:43
 

Депутат К.Бокоев Таластын Молдо Асан айылындагы күрөш залынын курулушу менен таанышып, жаш спортчуларды колдоого алды

Бишкек, 6-июль /Кабар/. Жогорку Кеңештин «Республика» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Талас областынын Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүндөгү Молдо Асан айылындагы күрөш залынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу “Республика” фракциясынын катчылыгы билдирди.

Ошону менен катар депутат К.Бокоев 2015-жылдын 11-13-июлунда Кытай Эл Республикасынын Алтай шаарында XI казак күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна жолдомо алган күрөштүн салттык улуттук түрлөрү боюнча дүйнөнүн, Азиянын, Европанын эки жолку күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн коло медалынын ээси, биринчи «Көчмөндөр оюндарынын» коло сыйлыгынын ээси Замирбек Чолпонкулов менен жолугушуп, ага материалдык колдоо көрсөтүү максатында 50 000 сом акча каражатын тапшырды.

К.Бокоев жаш спортчу З.Чолпонкуловго Кытайга барып Кыргызстандын намысын коргоп, желегин желбиретип келүүгө ак жол каалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу