22.06.2015, 15:21

Таласта кикбоксинг боюнча “Достук кубогуна” арналган эр аралык эр таймаш болуп өттү

Талас, 22-июнь /Мухамеджан Суранчиев-Кабар/. 20-июнда Талас шаарынын Э. Кутманалиев атындагы борбордук стадионунда Кыргызстан кикбоксиг федерациясынын демилгеси менен уюштурулган эл аралык эр таймаш болуп өттү. Бул тууралуу облустук спорт комитетинен маалымдашты. Маалыматка ылайык кикбоксингдин М-1 жана К-1 версиялары боюнча бул таймашка Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Кыргызстандын мушкерлери катышып, бул мелдеш өтө кызыктуу өттү. Эл аралык бул турнирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байышбек Жуманазаров ачып, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Кыргызстандын кикбоксинг боюнча Федерациясынын Президенти, КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Мелдеште Кыргызстандын спорт чеберлери Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикистандын мушкерлери менен беттешишип, өзүлөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтүшүп, утуштарга ээ болушту. Айрыкча Кыргызстандык мушкерлер Чынгыз Бегматов, Рустам Ибрагимов атаандаштарына тез эле жеңилүү ызасын тарттырышты. Белгилей кетсек спорттун бул түрү боюнча Таластык спортсмендер Канат Сыдыгалиев, Мирбек Сүйүнбаев кезинде дүйнөнүн чемпиону болушкан. Эл аралык “Достук кубогуна” арналган бул мелдештин жүрүшүн өлкөбүздүн эсрада жылдыздары мукамдуу ыр-күүлөрү менен коштоп турушту.