Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/06 18:00
 

Кыргызстан футбол федерациясы: Азырынча ФИФА бизге эч нерсе айта элек

Бишкек,19-июнь /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргызстан менен Австралиянын ортосунда өткөрүлгөн оюн учурунда катачылыктар орун алса, анда ФИФА Кыргызстандын Футбол федерациясына айып пул салышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан Футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаев билдирди. Белгилей кетсек, жергиликтүү сайттардын бирине «Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Кыргызстан – Австралия матчынын учурунда болгон окуяга байланыштуу КРдин футбол федерациясына карата чара колдонот. ФИФА бул чыр үчүн КРдин футбол федерациясына айып пул салышы мүмкүн», - деген маалымат чыккан.
“Ар бир футбол оюнун кандай өтүп жаткандыгын комиссарлар көз салып турат. Башкача айтканда, 2018-жылы өткөрүлө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Австралиянын ортосунда өткөрүлгөн мачта оюн талаасына күйөрмандар чуркап чыкпашы керек эле. Бирок, тилекке каршы оюн учурунда бир күйөрман оюн талаасына чуркап чыкканын комиссар көргөн. Анан алар ФИФАга оюн боюнча протокол беришет. Ал протоколдо оюн маалында кандай катачылыктар орун алгандыгы жазылуу болот. ФИФА бул протоколду карап туруп, анан Кыргызстандын Футбол федерациясына айып пул салышы мүмкүн. Азыр ФИФА бул боюнча бизге эч нерсе айта элек”,- дейт Т.Мусаев.
Кошумчалай кетсек, 2018-жылы өткөрүлө турган Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Австралиянын ортосунда өткөрүлгөн мачта күйөрман оюн талаасына чуркап чыккан.

"Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу