Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/06 16:56
 

Дүйнө чемпиону Баткенде жолугушуу өткөрдү

Баткен, 18-июнь /Фарида Убайдуллаева-Кабар/. Спорттун пауэрлифтинг түрү боюнча дүйнө чемпиону Азамат Рахимов бүгүн Баткен шаарында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымдады.

Баткен шаарынын тургуну, 23 жаштагы Азамат Рахимов спорттун пауэрлифтинг түрү боюнча Финляндияда 2015-жылдын 9-июнунда өткөн дүйнөлүк мелдеште чемпиондук наамды жеңип алып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытты.

Азамат Рахимов спорттун пауэрлифтинг түрү менен 10 жылдан ашуун машыгып келет. Буга чейин бир канча жолку Кыргызстан жана Азиянын чемпиону, 3 жолку дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү ошондой эле эл аралык даражадагы спорт чебери деген наамдарды алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу