Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/06 18:01
 

Бишкек шаардык ИИББ футбол оюнунда милиция кызматкерлеринин мыйзам бузуулары тууралуу далилдерди көрсөтүүнү суранды

Бишкек, 17-июнь /Роман Гайнанов-Кабар/. Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы Кыргызстан-Австралия оюнунда милиция кызматкерлеринин укук бузууларын жокко чыгарып, эгер далилдер болсо нөөмөт бөлүмүнө алып келүүнү суранды. 

  Шаардык ИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээки Кыргызстан-Австралия футболдук оюнунда укук коргоо органдары тарабынан укук бузуулар катталган жок.   “Бизде эч кандай факт жок жана биз бир дагы милиция кызматкери укук бузууга барбайт деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Иш-чаранын башталышында Бишкек гарнизонунун башчысы Кашкар Жунушалиев жеке курамга чейин өзү барды, укук бузууларга жол бергендиги далилденген милициянын бардык кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөт”,-деди басма сөз кызматы.   “Кимде милиция кызматкерлеринин укук бузууларга катышкандыгын далилдеген сүрөт же видеосу болсо Бишкек шаардык ИИББнын нөөмөт бөлүмүнө кайрылсуусун суранабыз”,-деди ИИББ.   Эскерте кетсек, ЖМКларга билети бар миңдеген күйөрмандар оюнду көрүүгө кире албай жатса, курчап турган милиционерлер билетсиздерди стадиондун дарбазасынан ашып өтүүгө жардам беришти деген маалыматтар чыккан.   Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы 2018-жылда боло турган дүйнөлүк биринчиликке тандоо оюну кечээ Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, 1:2 эсебинде коноктордун пайдасына жыйынтыкталган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу