Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/06 16:27
 

КРнын футбол федерациясы: Кыргызстан-Австралия оюнуна катыша албаган жарандардын билеттерине компенсация 18-июндан баштап төлөнө баштайт

Бишкек, 17-июнь /Аман Алымбеокв-Кабар/. Эртеңден баштап 16-июнда колунда билети туруп оюн көрүүгө стадионго кире албаган жарандар компенсация ала алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын футбол федерациясынын басма сөз катчысы Тенгелбес Мусаев билдирди. 

Анын айтымында, күйөрмандар компенсация алуу үчүн бүтүн билетти алып келиши керек. Алар мындай суроолор боюнча КРнын футбол федерациясынын кеңсесине кайрыла алышат.   “Билеттер жасалма, айрылган, жыртылган болбошу керек. Компенсация күйөрман сатып алган эмес, билетте көрсөтүлгөн баа боюнча гана берилет. Мисалы, билетте 300 сом болуп көрсөтүлсө анда 300 сом төлөнөт”,-деди Т.Мусаев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу