Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/06 13:53
 

Билет алып, стадионго кире албай калгандардын маселеси бүгүн каралат

Бишкек, 17-инюь /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кечээ билет алып, бирок футболго кире албай калган факт боюнча бүгүн Кыргызстандын Футбол Федерациясы жыйын өткөрөбүз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстан Футбол Федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаев билдирди. 

  “Жыйындан кийин гана бул боюнча өзүбүздүн жыйынтыгыбызды чыгарабыз. Ага чейин бул маселе боюнча эчкандай комментарий бере албайбыз”,- дейт Т.Мусаев. Белгилей кетсек ММКларда «Кыргызстан-Австралия” футболдук мелдешине билет алышкан 2 миңден ашуун адам Д.Өмүрзаков атындагы стадионуна кире албай калгандыгы тууралуу айтылган.   Кечээ, 16-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Кыргызстан–Австралия” курама командаларынын мелдеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өттү. “Кыргызстан” курама командасы Азия чемпиону Австралия менен алгачкы беттеши жергиликтүү күйөрмандар арасында чоң кызыгууну жаратып, колдон сатылган билет баасы миң сомго чейин чыкты.

"Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу