Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/06 10:50
 

Австралия курамасынын башкы машыктыруучусу Кыргызстандын курама командасынын оюнун жогору баалады

Австралия курамасынын башкы машыктыруучусу Кыргызстандын курама командасынын оюнун жогору баалады

Бишкек, 17-июнь /Аман Алымбеков-Кабар/. Австралия курама командасынын башкы машыктыруучусу Анге Постекоглу Кыргызстан командасынын оюнун жогору баалады. Бул тууралуу ал кечээ Бишкектеги оюндан кийинки маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, кыргыз курама тобунун оюну эсте каларлык болду жана кыргыз футболунун келечеги кең. “Мен кыргыз футболчуларынын аракетин көргөнүмө абдан кубанычтамын. Менин пикиримде, эң жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат, буга 1:3 эсебинде Бангладешти жеңиши жана бүгүнкү бизге каршы оюнда көрсөтүлгөн деңгээли ачык мисал болот. Өз кезегинде кыргыз фуболчуларына ийгиликтерди каалап, машыктыруучу катары Кыргызстан ушул курама менен ойношу керектигин жана күчтүү командаларга каршы тажрыйба топтоосун айта кетким келет”,-деди ал.   Өз кезегинде Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестини машыктыруучу штаб Австралия менен оюндагы кемчиликтерди жоюнун үстүндө иштейбиз деди.   “Тилекке каршы оюнчулардын жеңишке болгон аракети күчтүү болгонуна карабай оюнда жеңилүүгө дуушар болдук. Мындан ары биз бүгүнкү катачылыктардын үстүндө күчтөнүү менен машыгабыз. Атап айтканда, чабуул оюнду жакшыртабыз. Алдыда дагы көп оюндар бар, биз ага даярданабыз. Эми Иордания курама командасы менен ойнойбуз, ага жакшы даярданышыбыз керек”,-деди башкы машыктыруучу.   Кыргызстан менен Австралиянын ортосундагы 2018-жылдагы дүйнөлүк биринчиликке тандоо оюну кечээ Бишкекте болуп, 1:2 эсебинде коноктордун пайдасына чечилди.   Эскерте кетсек, мындан мурун Дакка шаарында өткөн биринчи тандоо оюнунда кыргызстандыктар Банледешти 3:1 эсебинде жеңген.
Кыргызстан Россияда өтүүчү 2018-жылдагы дүйнө биринчилигине тандоо оюнунун алкагында Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангадештин катарында “В” тобуна туура келген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу