Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/06 08:46
 

Премьер-министр Темир Сариев: “Биздин футболчулар татыктуу оюн көрсөттү”

Премьер-министр Темир Сариев: “Биздин футболчулар татыктуу оюн көрсөттү”

Бишкек, 17-июнь /Кабар/. 16-июнда, Премьер-министр Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу этабынын алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн Кыргызстан жана Австралиянын футбол боюнча курама командасынын оюнун көрүп, улуттук курамага күйөрмандык кылды.
Өкмөт башчысы оюндан соң футболчуларга ыраазычылык билдирип, бул оюндун өлкө үчүн мааниси чоң экенинин белгиледи.
“Сиздер татыктуу оюн көрсөттүңүздөр. Австралиянын курама командасы Азиянын чемпиону экени баарыбызга маалым. Эң негизгиси, биздин командабыздын жеңишке болгон каалоосу күч, максаты бийик”-деди Премьер-министр.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары Премьер-министр жетекген бардык күйөрмандарга ыраазылыгын билдиришти.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу