Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/06 17:40
 

Балыкчыда Апрель революциясынын каарманы, маркум Абдраим Бектуровдун ысымындагы спорттук мелдеш болуп өттү

Каракол, 16-июнь. /Кубан Мамбетов-Кабар/. Башкы калыс Нурбек Айтбосунов билдиргендей 2-республикалык мелдешке Кыргызстандын баардык аймактарынан 33 команданы түзгөн 180 окуучу катышып, 33 килограммдан 67 килограммга чейинки балбандар 2 күн бою спорттун эркин күрөш түрү боюнча ат салышты.
Абдраим Бектуров бийлик тарабынан 7-апрель 2010-жылкы революцияда ок жеп, бир жыл бою ооруканада жатып, өз башынан 8 жолу операцияны өткөрүп, кайтыш болгон. Маркумдун бир туугандары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анын ысымын унут калтырышпай, мындай мелдешти ар жылы өткөрүп турууну максат кылышкан.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу