Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/06 15:12
 

Кочкор-Ата шаарында милиция кызматкерлеринин арасында футболдук мелдеш өткөрүлдү

Жалал-Абад, 16-июнь /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Жалал-Абад ОИИБ тарабынан Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасында Ноокен районунун тургуну, милициянын подполковниги маркум Абдукалил Исмаиловдун жаркын элесине арналып кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалымтана караганда, оюнга облустун район-шаарларынын ички иштер кызматкерлери катышып, жалпысынан 12 команда күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду кубок жана 15 миң сом байгени Таш-Көмүр ШИИБгы алды. Ал эми 2-орунга Жалал-Абад ШИИБгы (10 миң сом), 3-орунга Жалал-Абад ОИИБгы (8 миң сом) ээ болушту.   Маркум Абдукалил Исмаилов 1992-жылдан тарта Ноокен районунун Кочкор-Ата шаардык ички иштер бөлүмүндө эгектенген. Ал 2013-жылы элүү жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу