Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/06 14:51
 

ЭОКнын президенти жана Азиянын олимпиада кеңешинин башчысы Кыргызстанга келет

Бишкек, 16-июнь /Аман Алымбеков-Кабар/. Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Азиянын олимпиада кеңешинин башчысы Шейх Ахмад Аль-Фахад Аль-Сабах расмий иш сапары менен Кыргызстанга келишет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ведомствонун маалыматы боюнча, бүгүн, 16-июнда ЭОК жана АОКнын башчылары Кыргызстанга бир күндүк иш сапарынын алкагында өлкөнүн Президенти Алмазбек Атамбаев, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору жана Улуттук олимпиада комитетинин президенти менен жолугушат.
Ушул эле күнү кечинде коноктор КРнын улуттук олимпиада комитетинин кеңсесине барышып, анда УОКнын музейинин ачылышына катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу