Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/06 11:19
 

Бүгүн Кыргызстан менен Австралия футболчулары беттешет

Бүгүн Кыргызстан менен Австралия футболчулары беттешет

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Австралиянын футболчулары менен беттешмекчи. Оюн кечки саат сегизде башталат. Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтөт.

Стадион 18 миң орунга ылайыкташкан. Бардык билеттер сатылганын Кыргызстандын футбол федерациясынан маалымдашты.
Ал эми өз кезегинде Кыргызстандык футболчулар өлкө намысын бийик деңгээлде коргойбуз деп убада беришүүдө.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу