Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
16/06 08:42
 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына татыктуу оюн көрсөтүүнү каалады

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын футбол боюнча  курама командасына татыктуу оюн көрсөтүүнү каалады

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда саат 20да Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы (мурунку Спартак) стадиондо 2018-жылдагы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу этабынын алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Австралиянын курама командасы менен беттешет.
15-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев беттешүүгө даярданып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыгуусун көргөн.
Мамлекет Башчысы футболчулар менен баарлашып, бүгүнкү маанилүү оюнда ийгиликтерди каалады.
“Татыктуу оюн көрсөткүлө. Силер үчүн бүт өлкөбүз күйөрман болот. Биз силерге ишенебиз, силердин жеңишиңерге ишенебиз”-деди Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев ошондой эле футболчуларга Кыргызстанда спортту өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө айтып берип, ири шаарларда, облустук жана райондук борборлордо физкультура-ден соолукту чыңдоо комплекстерин куруу пландарына токтолду.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу