Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/06 15:33
 

Баткен районунун Чек айылында жаңы спорт сарай ишке берилди

Баткен районунун Чек айылында жаңы спорт сарай ишке берилди

Баткен, 15-июнь /Кабар/. Аталаган иш чарага КР Президентинин аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери боюнча инспектору Ж.Максутов, КР Өкмөтнүнү Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков, Баткен районунун акими К.Салихов, АРИСтин Баткен облусу боюнча координатору К.Орозбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Алгач Баткен районунун акими К.Салихов расмий бөлүгүн ачты. КР Президентинин атынан Жаркынбек Максутов куттуктоо сөз сүйлөп, 300 миң сом жана спорттук инвентарларды тапшырды. Ал куттуктоо сөзүндө президент тарабынан спортко болгон мамиле жогору болуп, эң негизгиси спортту өнүктүрүү мамлекеттин өнүгүүсүнүн башкы багыты, маанилүү маселеси экендигин баса белгилеп кетти.

Ошондой эле куттуктоо сөзү менен өкмөттүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков сүйлөп, бүгүнкү күндө облус боюнча 40 спорт аянтчасы жана 14 спорт залдары иштеп жаткандыгын айтып, жаштардын спортко болгон кызыгуусу күч экендигин белгилеп кетти.

Чек айылында 4651 калк, 1296 кожолук жашайт. Калктын 60%ын жаштар түзөт. АРИСтин карыздык милдеттенмелерди конференциялоо–III комуналдык инфраструктура жана жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу долбоорунун алкагында Чек айылындагы спорт залдын курулушу 2014-жылдын апрель айында башталып, 2015-жылдын май айында бүткөрүлдү.

Спорт залдын долбоорунун жалпы баасы14,7 млн сомду түзүп, анын ичинен элдин салымы 551миң532 сом, айыл өкмөтү тарабынан 766 миң сомго залдын айланасы темир тосмо менен тосулуп, бурсчатка төшөлгөн. Спорт залдын ичинин жалпы аянты 558 м.кв. Ички шарттар толук түзүлгөн. Кичи футбол, баскетбол, волейбол, теннис ойноочу шарттары бар. Жуунуучу суу түтүктөрү, санузел, жылытуу системасы иштейт.
Спорт залдын ачылуу аземи чакан концерттик программа жана спорттук оюндар менен коштолду.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу