Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/06 12:30
 

Дүйнө жана олимпиялык оюндардын чемпиону Лорри Фэйр “2015 Кыздар футбол фестивалына” катышат

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Канададагы Ванкувер шаарында өтө турган аялдардын дүйнөлүк футбол чемпионатынын алдында Кыргыз Республикасынын Улуттук футбол федерациясы АКШ Элчилиги менен бирге “2015 Кыздар футбол фестивалды” уюштурууда. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Фестивалга Бишкек, Чүй, Ош, Жалалабат жана Таластан келген 150 футболист кыз катышат.

Иш-чаралар 20-21-июнда Кыргыз Улуттук футбол федерациясынын Футбол борборунда өтөт. Фестивалдын конок жылдызы – Лорри Фэйр – АКШнын аял курама тобунун мурдагы мүчөсү, өмүрүн социалдык өнүгүү, адам укуктарын жана билим берүүнү алдыга жылдыруу, расизм менен күрөшүү жана аялдардын укуктары менен мумкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арнаган 2000-жылкы Олимпиядалык оюндардын күмүш жана 2004-жылкы Олимпиялык оюндардын алтын медалдардын ээси, 1999-жылкы дүйнө чемпиону. Профессионал катары Лорри Фэйр АКШдагы “Филадельфия Чарж”, Франциядагы “Олимпик Лион” жана Улуу Британиядагы “Челси” командаларында жарым коргоочу болуп ойногон.   Азыркы кезде Лорри Фэйр Африкадагы ШарлизТерон фондусунун эл агартуу программалардын жетекчиси. Фонд африкалык жаштарга ВИЧ-инфекциядан сактанууга жардам берет. Лорри АКШ Мамлекеттик департаментинин «Спорттун элчилери» программасынын активдүү катышуучусу. Бул программа боюнча Лорри аялдардын жана кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү макстатында Марокко, Парагвай, Алжир, Венесуэла, Ооганстан, Ирак жана Бирма өлкөлөрүнө барган.
Фестивалдын алкагына төмөнкү иш-чаралар өткөрүлөт:   21-июнь, саат 9:00-13:00-чейин: Кырздар футбол фестивалы (беш команда катышат)
22-июнь, саат 9:30-11:00-чейин: Футбол федерациясынынк командасы менен (Бишкек) Абдыш-Ата (Кант) командаларынын достук оюну.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу