Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/06 18:41
 

Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФА упайын эсепке ала турган бирдагы расмий оюн өткөргөн эмес

Бишкек, 11-июнь /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. 2015-жылы Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФА упайын эсепке ала турган бирдагы расмий оюн өткөргөн эмес. Бул тууралуу Кыргызстан Футбол федерациясынын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаев “Кабар” агенттигине билдирди.

31-мартта Ош шаарында ФИФАнын күнүнө карата Афганистандын курама командасы менен Кыргызстандын курама командасы атайы жолдоштук беттешүү өткөрүшү керек болчу. Бирок, Афганистандын курама командасы Бишкекке учуп келгени менен бул жакта кар жаагандыгына байланыштуу алар Ошко беттешүүгө бара алган эмес. Жыйынтыгында бул оюндун упайдык эсеби биздин рейтингге жазылбай калган. Ошондой эле Кыргызстандын улуттук курама командасы расмий оюндарды же турнирлерди өткөргөн эмес. Ал эми башка командалар ФИФАнын оюндарына катышып, упай топтоого жетишкен”- дейт Т.Мусаев.
Белгилей кетсек, жергиликтүү сайттардын бирине “Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк футбол федерациясынын май айы боюнча рейтингинде 24 позиция артка кетип, 177-орунга коюлган. Ал эми коңшу Өзбекстан 74, Казакстан 133, Тажикстан 139-орунга илинген. Орусия 26-орунда турат”,-деп жазган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу