11.06.2015, 17:36

А.Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин (UWW) рейтингинде алдыга чыгыш үчүн чоң-чоң мелдештерге катышып турушу зарыл

Бишкек, 11-июнь /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин (UWW) рейтингинде Айсулуу Тыныбекова алдыга чыгыш үчүн чоң-чоң мелдештерге катышып турушу зарыл. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султанбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

“Бүгүнкү күндө Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин (UWW) рейтингинде 15-орунда турат. Бул деңгээлге Айсулуу акыркы жетишкендиктери менен ээ болду. Мындан ары ал алдыга жылыш үчүн Лас-Вегаста өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышып, ал жерден жетишкендиктерди көрсөтсө анын рейтинги көтөрүлөт. Ал эми бул рейтинг ар дайым өзгөрүлүп турат. Ошого байланыштуу ал чоң-чоң мелдештерге катышып турушу керек. Азыркы учурда Дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан бардык каражат жагы толук бөлүнүп жатат”, - дейт.   Белгилей кетсек, жергиликтүү сайттар “Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш бирикмесинин (UWW) рейтингинде 15-орунду ээледи. UWW бирикмесинин расмий сайтында жаңы жарыяланган рейтинг боюнча 58 килограммга чейинки балбандардын арасында Тыныбекова 4 позицияга жогорулаган. Өткөн айда ал 19-орунда турган эле”,- деп жазат.