Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/06 11:16
 

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Ташкентте Өзбекстандын командасы менен достук оюнун ойнойт

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Ташкентте Өзбекстандын командасы  менен достук оюнун ойнойт

Ташкент, 11-июнь /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама тобу 19-20-21-июнда Өзбекстандын курама тобу менен достук беттешүү өткөрөт.

Кечээ “Кабар” агенттигинин кабарчысына Өзбекстандын футзал федерациясынын басма сөз кызматы билдиргендей, достук оюну Азия-2015 биринчилигине топторду даярдоонун алкагында өтөт.   Чучукулак кармоонун жыйынтыгында Кыргызстандын курама тобу Япониянын чемпиону “Нагоя Оушенз” жана “Өзбекстандык “Локомотив” менен бирге “В” тобуна туура келди.   Мелдештин топтук баскычынын жыйынтыгы боюнча эки мыкты топ чейрек финалга чыгышат. Мелдештин финалдык бөлүгү 31-июлдан 7-августка чейин Исфахан (Иран) шаарында өтөт.   Футзал боюнча Азия чемпионаты кийинки жылдын 9-16-февралында Ташкентте өтөт, мелдештин мыкты 4 командасы 2016-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүнө катыша алат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу