04.06.2015, 10:34

Спорттук мелдештерди өткөрүү Жети-Өгүз районунда адатка айланууда

Каракол, 4-июнь /Кубан Мамбетов-Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында өткөн эркин күрөш боюнча спорттук мелдештин максаты-өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөп, жат адаттардан оолак кармоого түрткү бермекчи. Бул тууралуу ЖКнын депутаты, оюндардын уюштуруучусу Самат Ибраев билдирди.

Кызыл-Суу жаштар уюмунун демилгеси жана КСДП партиясынын каржылоосу менен өткөрүлгөн 2 күндүк эркин күрөш боюнча мелдешке республика аймагынан 17 команда катышып, анда негизинен 10 жаштан 18 жашка чейинки 44 килограммдан 65 килограмм аралыгындагы өспүрүмдөр өз күчтөрүн сынашты. Жеңүүчүлөр оюндун шарттарында көрсөтүлгөндөй акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болушту.