Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/06 09:51
 

Ак-Суудагы «Сабыр ата» фондусу кол топ оюну боюнча эл аралык мелдеш өткөрдү

Каракол, 1-июнь /Кубан Мамбетов-Кабар/. Анын уюштуруучусу, Жогорку Кеңешинин депутаты Максат Сабировдун айтымына караганда аталган фонд жоголуп бараткан спорттун кол тобу боюнча мелдешин мындан 12 жыл мурда айылдык деңгээлде колго алып, эми минтип ал Эл аралык мааниге айланып бара жатат. Эгерде кол тобун ойноо алгач ушул эле Ак-суу районундагы Маман айылында өткөрүлүп келсе, кийинчерээк Ак-Суу районунун алкагында, ал эми быйылкы жылы болсо Эл аралык деңгээлде өткөрүлүп, ага республиканын Чүй, Ысык-Көл областтарынан, Бишкек шаарынан жана коңшулаш Казакстан Республикасынын Жамбул областынан 500дөй күйөрмандар келишип, кызыктуу таймашууларды өткөрүп беришти.

Жолдоштук беттешүүлөргө жеке эле кол тобу боюнча күйөрмандар катышпастан, спорттун футбол, волейбол жана гандбол түрү боюнча 30 дай командалары катышышып, чоңдор жана мектеп окуучулары аралык таймаштарга көңүл бурулду. Чоңдор арасындагы биринчиликте Ак-Суу району биринчи, Маман айылы экинчи жана Беловодскилик спортчулар үчүнчү орунду жеңип алышса, мектеп окуучулары аралык 1-орун Казакстандын, 2-орун Ак-Суунун жана 3-орун Мамандын спортчуларына таандык болду. Ал эми мелдештин байге фондусу болсо 100 миң сомго бааланды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу