19.05.2015, 10:57

Волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу Азия биринчилигине катышат

Волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы  биринчи жолу Азия биринчилигине катышат

Бишкек, 19-май /Кабар/. Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук эркектер курама командасы биринчи жолу 21-29-майда Дакка шаарында (Бангладеш) өтүүчү Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
“Биздин федерация уюштуруучулардан чакыруу алышты жана катышууга макулдугун берди. Ошондон баштап кураманын машыктыруучулар штабы 30 оюнчуну карап, өлкөнүн намысын коргой турган топ түздү”,-деди федерациянын башкы катчысы Кылыч Сарбагишев.
Мелдешке даярдануунун алкагында Кыргызстандын курама тобу Казакстанда, Россияда жана Кыргызстанда бир катар достук оюндарын өткөрүштү.
Кураманын акыркы курамына 12 оюнчу кирди. Курама топтун жетекчиси Андрей Анкудинов. Башкы машыктыруучунун жардамчысы Төрөкул Курбаналиев болмокчу.
“Аталган мелдеш – биздин топтун өздөрүн көрсөтүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Бизде жакшы оюнчулар бар, бирок биз менен ойной тургандар дагы күчтүү”,-деди К.Сарбагишев.