Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/05 17:16
 

Сузакта «Ынтымак-Достук» спорттук эстафетасы өтүп жатат

Жалал-Абад, 7-май /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен Жалал-Абад ОИИБнын колдоосу астында №13 Акматалы Базаров атындагы орто мектебинде «Ынтымак-Достук» аталышындагы спорттук-эстафеталык оюндар өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, бул иш-чаранын негизги максаты – жаштарды сергек жашоого жана мекенчилдикке үгүттөө, спорт аркылуу улуттар аралык биримдикти чындоо, кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат. Мелдеште 18 мектептен курама командалары спорттун 12 түрү боюнча өз күчтөрүн сынашууда. Эстафетанын биринчи бөлүгүндө Ата Мекендик согуштун жаркын элесине арналган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, концерттик программалар менен коштолду.

“Белгилей кетүүчү жагдай, спорттук эстафета ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы подполковниги Азам Ниязбаев тарабынан 2011-жылдан бери жаш өспүрүмдөр арасында өткөзүлүп келе жатат”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу