Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
07/05 13:05
 

Каратэнин “shotokan” түрү боюнча дүйнөлүк 6-чемпионатынан кыргыз спортчулары байгелүү кайтышты

Каратэнин “shotokan” түрү боюнча дүйнөлүк 6-чемпионатынан кыргыз спортчулары байгелүү кайтышты

Бишкек, 7-май /Шаххан Мырзабеков- Кабар/. Каратэнин “shotokan” түрү боюнча дүйнөлүк 6-чемпионатында кыргыз спортчулары байгелүү кайтышты. Бул тууралуу каратэ боюнча Улуттук федерациянын директору Нурдөөлөт Рысбеков “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында билдирди.
“Грузия мамлекеттинде 1-3-май аралыгында каратэнин “shotokan” түрү боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Бул чемпионатка бизден 10 спортчу катышып, 5 спорчубуз байгелүү орундарга ээ болушту. Тактап айтканда, биз 2 күмүш, 3 коло медалга ээ болдук. Биздин бул жеңишибиз Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналат”,- дейт.
“Ошондой эле биз бул чемпионатка демөөрчүлөрдүн жардамы менен барып келдик. Аларга ыраазылык билдиребиз”,- деп кошумчалады ал.

"Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы
 

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу