04.05.2015, 08:41

Нарындык хоккейсттер эларалык Кубокто үчүнчү орунду ээлеп келишти

Нарын, 4-май /Күмөндөр Усупов-Кабар/. КРнын Хоккей федерациясынын вице-президенти Эльзар Болотбеков Кувейт өлкөсүнөн кыргызстандык хоккейсттер байгелүү орун менен кайтып келгендиктерин жаштардын облустук форумунда билдирди.
-18-22 жаш курактагы өлкөнүн жаш хоккейсттери Кувейтке барып, «Азия чакырыгы» Кубогунда ойношуп, алты мамлекеттин арасынан 3-орунду ээлеп келдик. Чындыгында өлкөнүн бул курама тобун Нарын шаары менен Жумгал районунун жаштары түздү. Ал эми федерация канадалыктар менен сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада 100 балага ар бирине 1000 долларлык хоккей жабдыктары менен кийимдерин алууга жетишишти,-деди Э.Болотбеков.
Ал ошону менен катар Нарын шаарынын «Ала Тоо-Дордой» хоккей курамы 11-16-майда Сочи шаарында өтө турган эларалык түнкү турнирге катышууга бара тургандыктарын да белгиледи. Бул турнирге жаштар жана ардагерлер топтору ойношот.