Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
29/04 17:19
 

Ош, Бишкек шаарындагы эстрада ырчылар футбол боюнча күч сынашат

Ош, 29-апрель /Асанбек Каракозуев-Кабар/. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Ош жана Бишкектин эстрада ырчылары футбол боюнча мелдеш өткөрүшөт. Спорттук иш-чара 5-майда А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо болмокчу. Анын алкагында, спортчулардын атайын парады да болоору күтүлүүдө. Иш-чара маданият кызматкерлери менен шаардык спорт комитети биргеликте уюштуруп жатышат. Бул тууралуу “Азем” тамадалар борборунун жетекчиси Эрнис Кулназаров билдирди.

Буга чейин алар волейбол боюнча да турнир өткөрүшкөн. Кулназаров кошумчалагандай, мындай иш-чаралар салт катары өтүп келишет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу