Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/04 11:57
 

Балыкчыда волейбол боюнча кыздар арасындагы биринчилик болуп өттү

 Каракол, 21-апрель /Кубан Мамбетов-Кабар/. Балыкчы шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Туратбек Сулайманкулов бул турнир жеке эле Балыкчы шаардык эмес, Ысык-Көл областынын шаар-райондору аралык өтүп жаткандыгын белгилеп өттү. Ал «дени сак улут, дени сак өлкө» девизинин алдында өткөрүлүп, ага областтын аймагынан 8 команда катышты. Ошондой эле бул мелдешке Нарын областынын командалары дагы катышу укугун алышты.

Турнирди өткөрүүнүн негизги максаты болуп Ысык-Көл областы аралык волейбол оюну боюнча кыздардын тандалма командасын түзүү жана республикалык тандалма командага өз спортсмендерин коюу болуп эсептелди. Ал эми Кочкордук машыктыруучу Чоробек Мааткеримовдун билдирүүсүндө Нарын областынан келген тандалма команда дагы өзүнүн күчтүүлүгү менен айырмаланат. Андыктан республиканын тандалма командасына Нарындык спортсмен кыздардын кирип калышы мүмкүн. Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө дипломдор, кызыктыруучу сыйлыктар берилип, тандалма командага кирүүчү кыздардын ысымдары аталды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу