Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
20/04 15:52
 

Кыргызстандык жаш сууда сүзүүчүлөр Түркияда эл аралык спорттук оюндарга катышат

 Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Кыргызстандык жаш сууда сүзүүчүлөр 21-22-апрелде Түркиянын Конья шаарында өтүүчү эл аралык спорттук оюндарга катышат.
КРнын сууда сүзүү федерациясы билдиргендей, аталган мелдеш бешинчи жолу өтүп жатат. Мелдешке Кыргызстандан 10 жаштан 12 жашка чейинки 8 бала, 4 кыз катышат.

Башкы машыктыруучу Юрий Захаровдун айтымында, команданын курамы Спорт федерациясы тарабынан өткөрүлүүчү салтка айланган “Шайыр старт” мелдешинде көрсөтүлгөн жыйынтыктын рейтиңги боюнча түзүлдү.
“Түркияда өтүүчү эл аралык мелдештин жаш катышуучулары үчүн бул тажрыйба жана чоң спортко болгон кадам”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу