Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/04 08:41
 

Баткен облусунда өткөн мелдештин жыйынтыгы чыгарылды

Баткен облусунда өткөн мелдештин жыйынтыгы чыгарылды

Баткен, 15-апрель /Кабар/. Баткен облусунун 15 жылдык маарекесине карата 15 жаштагы өспүрүм балдардын арасында кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү. 
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Анда облустун район, шаарларынан 70 жана 50 кг салмакка чейинки 40 балбан катышты.
Кыргыз күрөшүнүн расмий ачылышында облустагы өкүл Ж.Разаков катышуучуларды облустун 15 жылдык маарекеси менен куттуктап, спорттун бул түрүн кеңири жайылтуу, балдардын ден соолугун чыңдоо жана спортсмен балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында уюштурулуп жаткандыгын билдирди.
Ошондой эле спорттук мелдештер жаштар жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алып, алардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, өз ара ынтымакты жана улуттар ортосундагы достукту бекемдейт деди.
Мелдештин жыйынтыгы 70 жана 50 кг салмакка чейинки 1-2-3-орун ээлеген балбандарга ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамотасы жана баалуу сыйлыктар ыйгарылды.
 

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу