Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/04 10:10
 

Демөөрчүлөр Жалал-Абад шаарында жаштар үчүн кичи футбол аянтчасын куруп беришти

 Жалал-Абад, 13-апрель /Кабар/. “Жаштар биримдиги” кичи футбол аянтын Тайгараев аймагынын Москвада эмгектенген 1981-1993-жылкы жаштарынын каржылоосу менен курулду. Болжолдуу эсеп менен 2 млн сомдон ашык акча каражаты керектелди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми шаардык кеңештин депутаттары 400 миң сом акча каражатын бөлүп беришти. Бул биринчи эле ачылыш эмес, буга чейин улуу агаларыбыздын демилгеси менен күрөш боюнча спорт зал ачылган. Алардын жол көрсөтүүсү менен Тайгараевдин жаштары баары биргеликте уюшулуп ушул аянтча ачылып олтурат”,-деп билдирди демилгечилердин бири Рившан Каримов.

“Оорукана, эстеликтерди азыраак салып, ошолордун ордуна ушундай спорт аянттарын, стадион салыш керек. Ушундай демилге көтөрүп жаткандарга “Дордой” ассоциациясы сөзсүз жардам берет, бүгүнкү күндө кырктан ашык жерге жасалма аянт менен жардам берди”,-дейт “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти Шаршен Касенов

Белгилей кетсек, бул футбол аянтына “Дордой” ассациациясы 700 миң сомдук жасалма аянтты алып берип жардам бергени ачылыш аземде айтылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу