Спорт

Июль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/04 15:53
 

Биринчи жолу Жалал-Абад шаарында самбо жана күжүрмөн самбо боюнча ачык чемпионат өтүп жатат

Биринчи жолу Жалал-Абад шаарында самбо жана күжүрмөн самбо боюнча ачык чемпионат өтүп жатат

 Жалал-Абад, 10-апрель /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Бүгүн, 10-апрель күнү Жалал-Абад шаарында самбо жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын биринчилиги үчүн ачык чемпионат башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Жалал-Абад ОИИБнын демилгеси жана КР Самбо федерациясынын колдоосу менен Жалал-Абад шаарында ачык чемпионат биринчи жолу уюштурулуп жатат. Мелдешке 30га жакын командалар келип катышып жатат. Кыргызстан боюнча жалпысынан 400дөн 500гө чейинки спортчулар катышууда. Байгелер Самбо федерациясы тарабынан берилет. Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан сыйлуу белектер каралган. Спортчулар 7 салмак даражасы боюнча күч сынашууда.

Аталган мелдештин ачылышына КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматов, облустук ИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков мелдештин ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, спортчуларга ийгиликтерди каалашты. Ал эми иамраттын сыртында ОИИБгы тарабынан атайын сүмөлөк кайнатылып жатат. Мындан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо үчүн кайрымдуулук акциясы да уюштурулду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу