06.04.2015, 14:40

Кадамжайда Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн Кубогу үчүн футбол болду

Кадамжайда Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн Кубогу үчүн футбол болду

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кадамжай районунун Халмион айылында Баткен облустук администрация, Кадамжай раойндук администрация, Баткен райондук мамлекеттик администрация, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы, Кадамжай райондук чек ара кызматы жана Халмион айыл өкмөтүнүн командаларынын ортосунда КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлүнүн Кубогу үчүн футболдук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу облусттук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин жыйынтыгы менен КР Өкмөтүнүн Баткен облсундагы ыйгарым укуктуу өкүл Жениш Разаков 3-орунду ээлеген Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын командасын 3000 сом, 2-орунду ээлеген Халмион айыл өкмөтүнүн командасын 5000 сом жана 1-орунду камсыз кылган Баткен облустук администрациясынын командасын 7000 сомдук акчалай сыйлыктар менен сыйлады. Облус жетекчиси өз куттуктоо сөзүндө спорт ден соолуктун булагы экендигин белгилеп, 2014-жылы облус боюнча 40 спорттук аянтчалары курулуп, облус жаштарына бош убактысын пайдалуу өткөрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатканын айтып кетти. Мындан кийин да сергек жашоого үндөгөн ушундай спорттук мелдештер уюштуруларын белгиледи.