23.03.2015, 16:14

Кадамжайлык жаш спортчу карате боюнча дүйнөлүк мелдешке катышат

Кадамжайлык  жаш  спортчу карате боюнча  дүйнөлүк  мелдешке  катышат

 Баткен, 23-март /Фарида Убайдуллаева-Кабар/. Кадамжай районунун Шыбран айылынын 18 жаштагы тургуну Мамазакир уулу Бактыбек спорттун карате түрү боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Ал буга чейин Борбордук Азиядагы болгон мелдештерде байгелүү орундарга жетишкен. Акыркы жолу 30 мамлекеттин спортчулары катышкан Россияда өткөн мелдеште 3-орунду ээлеген.

Учурада Грузияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышууга даярданууда.