21.03.2015, 15:21

Ноокен районунун Масы айылындагы спорт комплексине быйыл каражат аз бөлүнүп калган

Ноокен районунун Масы айылындагы спорт комплексине быйыл каражат аз бөлүнүп калган

 Жалал-Абад, 21-март /Анархан Жаңыбаева-Кабар/. Кечээ, 20-мартта КРнын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Ноокен районунун Масы айылында 2008-жылы курулушу башталган спорт комплексинин курулушу менен таанышып чыкты. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов спорт комплексинин курулушуна республикалык бюджеттен 60 млн. сом ажыратылгандыгын, ушул кезге чейин 26 млн. сомдук жумуштар аткарылгандыгын айтты.

“Аталган спорт комплекске быйылкы жылга болгону 5 млн. сом гана каралып калган. Райондун акими А.Осмонов 20 млн. сом акча каражаты ажыратылып калса, иш кыйла тездейт эле деген оюн билдирип, КРнын вице-премьер-министри Д. Ниязалиевадан ушул маселеге көмөк көрсөтүүсүн суранып кетти”, - деди Жолдошбай Осмонов.